Get Mystery Box with random crypto!

​​Биз эмне учун ар дайым китеп окуп турушубуз керек? Дүйнөнү | bilgi.kg

​​Биз эмне учун ар дайым китеп окуп турушубуз керек?
Дүйнөнүн алдыңкы, эң ийгиликтүү адамдары да бизнестеринин көлөмүнүн чоңдугуна, нечендеген ресурстарды, активдерди башкарууга карабастан китеп окууга убакыт таба алгандыктары жана китеп окуу менен ийгиликтерди багынткандыктары тууралуу төмөндөгүдөй факттарды келтире алабыз:
1. Дүйнөнүн үчүнчү бай кишиси, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс жылына 50 китеп окуйт, жумасына дээрлик 1 китептен туура келет.
Дүйнөнүн төртүнчү бай кишиси, дүйнөдө эң алдыңкы инвестор Уаррен Баффет азыркы күнгө чейин күн сайын китеп окуйт.
2. Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Элон Маск космоско учурган ракеталарын окуган китептеринен үйрөнгөнүн айтат.
3. Белгилүү социолог Ибн Халдун эс тарткандан тартып өмүрүндө эки гана күнү китеп окуган эмес: атасы каза болгон күн жана үйлөнгөн күнү.
4. Alibaba Group компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма Чикаго шаарында катардагы кафелердин биринде «Алибаба жана 40 каракчы» аттуу арап жомогун окуудан кийин гана компаниясынын атын «Alibaba Group» деп атаган, учурда ал Кытайдын эң бай адамы.
Алыска кетпейли өзүбүздүн сыймыктанган, кыргыз брендин жарата алган
5. Табылды Эгембердиев, Спутник радиосуна жубайы Жаңылсынзат Турганбаеванын билдирүүсүнө караганда “Шоро” жана “Супара” компанияларын негиздөөгө чейин 12 жыл китеп окуган.
Бул факттар “адам канчалык көп китеп окуса, ошончолук ийгиликтүү болот”- деген тыянакка алып келет.
1) Китеп окуу менен адам акылына акыл, билимине билим кошот. Китеп окуу учурунда адам башкы каармандын кайгы-кубанычын өзүндө жашап, ага айланып кеткендей абалда болот. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагы тирүүлүктөрдү туура түшүнүүгө калыптанат.
2) Адамдын мээсинин иштөөсүн жакшыртат. Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллектинин деңгээли жогоруларын далилдешкен.
3) Китеп окуу менен адам кызыктуу адамга айланат. Жогорку интеллектуалдык деңгээл адамды айланасындагыларга кызыктуу адам кылып көрсөтөт.

«МАНАС» университетине өтүү сынагына даярдайбыз.
Курс 3-май башталат.
Жалпы 8 сабактан даярдайбыз.
Толук маалымат үчүн: 0776593399 (W/A)